27.07.2020 ж. №142 2020-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Толук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Ажыбаев Толукбек Бектурсунович жана Куракеев Абдыракман катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен Толук айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 9 депутат катышып, Т.Б. Ажыбаев – 9 добуш, А. Куракеев - 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ажыбаев Толукбек Бектурсунович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы Толук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 27-июлу
№ 142