23.12.2020 №496 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Баткен облусунун Лейлек, Чүй облусунун Ысык-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Тогуз-Торо, Лейлек, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштарынын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Баткен облусунун Лейлек, Чүй  облусунун Ысык-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректери тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.

2. Тогуз-Торо, Лейлек, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 23-декабры

№ 496