17.06.2021 № 487 2021-жылы 9, 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Тогуз-Булак, Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү

2021-жылы 9, 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Тогуз-Булак, Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 9, 10, 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 265, 2021-жылдын 25-майындагы № 303 токтомдору менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Тогуз-Булак, Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Жоробек уулу Жыргалбек, Матмуратов Алимбек Миталипович, Кошалиев Жаныбек Эгембердиевич - Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Лейлек айылдык кеңешиндеги бардык 21 депутаты катышып, Жоробек у. Ж. – 10 добуш, Ж. Кошалиевге – 0 добуш, А. Матмуратовго – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Матмуратов Алимбек Миталипович Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Темирбаев Сардарбек Омурзакович, Разыков Умарали Набиевич - Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Тогуз-Булак айылдык кеңешиндеги бардык 21 депутаты катышып, С. Темирбаевге – 16 добуш, У. Разыковго – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Темирбаев Сардарбек Омурзакович Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Маргун айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдухамитов Мухтар Курбонбоевич, Баетов Медербек Мурзабекович - Маргун айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Маргун айылдык кеңешиндеги бардык 11 депутаты катышып, М. Абдухамитовго – 6 добуш, М. Баетовго – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Абдухамитов Мухтар Курбонбоевич Маргун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Мусаев Кубатбек Ибрагимович, Джумабаев Рамис Шайбекович - Бешкент айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Бешкент айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын ичинен 20 депутаты катышып, К. Мусаевге – 12 добуш, Р. Джумаевге – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Мусаев Кубатбек Ибрагимович Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Тогуз-Булак, Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 9, 10, 11-июнундагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Лейлек, Тогуз-Булак, Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде,   «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,  18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Баткен облусунун Лейлек районунун 2021-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн Лейлек айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн,  2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10, 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Тогуз-Булак, Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Матмуратов Алимбек Миталипович Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Темирбаев Сардарбек Омурзакович Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Абдухамитов Мухтар Курбонбоевич Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Мусаев Кубатбек Ибрагимович Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Лейлек, Тогуз-Булак, Маргун жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                           

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 487