№95 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2020-жылдын 23-ноябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын «О. Ч. Текебаевдин арызы жөнүндө» 2020-жылдын 15-октябрындагы № 254 токтому анык эмес деп таанылган. Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча сот коллегиясынын 2020-жылдын 25-декабрындагы аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 3-мартындагы чечими менен Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2020-жылдын 23-ноябрындагы чечими күчүндѳ калтырылган.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандаты бошогон, ал мыйзамдарга ылайык ѳткѳрүп берилүүгѳ жатат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Абдылдаев Шералы Итибаевич «Ата-Мекен» саясий Социалисттик партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

2. Абдылдаев Шералы Итибаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталсын.

3. Абдылдаев Шералы Итибаевичге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

                        ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-марты
№ 95