06.12.2020 №395 Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №35, 2020-жылдын 30-январындагы №19 жана токтомдору менен бекитилген айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларынын алкагында Бишкек шаарынын, Ак-Суу районунун аймактык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 18-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр 1 тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Бишкек шаарынын аймагындагы № 1001, №1064, №1065, №1201, №1247 шайлоо участоктору, участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен бирге шайлоочулар арасында жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларынын даректери тууралуу түшүндүрүү  иштерин  жүргүзсүн.

4. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-декабры

№ ­­ 395