26.04.2021 №145 2021-жылдын 11-апрелиндеболупөткөнЫсык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонатыйжалары тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун
Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Каракол шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Каракол шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 25 шайлоо участок түзүлгөн. Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 17 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Бирге-Вместе» – 20,43% (11 мандат); «Табылга» - 13,60% (7 мандат); «Эмгек» - 9,19% (5 мандат); «Ыйман Нуру» - 7,33% (4 мандат); «Замандаш» - 7,22% (4 мандат).«Ынтымак» - 9,02% (3 мандат). Шайлоочулардын саны 38951 түзүп, анын ичинен 14018 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 38,90% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 25 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Каракол аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Каракол аймактык шайлоо комиссиясына 5, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Каракол аймактык шайлоо комиссиясына жана Каракол шаардык кеңешине жиберилсин.
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 26-апрели,
№ 145