№14 Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 31-январындагы №5 токтому менен 2019-жылдын 19-февралына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 -беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 19-февралындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Омаралиев Руслан Намазалиевич табылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 28- февралы
№14