13.06.2021 № 424 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын19-майындагы № 224токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер –Таалайбеков Чыңгыз Таалайбекович, Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич, Урайимов Бактияр Жапаровичкатталган. ТалапкерлерЖаңы-Алайайылдык кеңештин депутаттарынансунушталган.

Алай аймактыкшайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагыпротоколу мененЖаңы-Алайайылдык кеңешиндеги 11 депутатыкатышып,Ч.Т. Таалайбеков - 3 добуш,  Н.Э.Тажибаев – 8 добуш, Б.Ж. Урайимов– 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагыпротоколу мененТажибаев Нурсултан ЭшеналиевичЖаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 8-июнундагыАлай аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысыншайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-июнундагыпротоколдорубекитилсин.

1.1. Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Тажибаев Нурсултан ЭшеналиевичОш облусунун Алай районунун Жаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланганЖаңы-Алайайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                           

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-июну

№ 424