“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы “Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө” № 77 токтомунун, 2012-жылдын 21-сентябрындагы “Аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 99 токтомунун негизинде Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2012-жылдын 23-октябрына дайындалсын.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 4-октябры
№ 106