“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:
- Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү (тиркеме 1);
- Демократиялык институттар жана адамдын укуктары боюнча бюронун (ЕККУ/ДИАУБ) байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү (тиркеме 2);
- Канаданын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү (тиркеме 3);
- Шанхай Кызматташтык Уюмунунун (ШКУ) байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү (тиркеме 4);
- Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламент) мүчөлөрү (тиркеме 5);
- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын өкүлү (тиркеме 6);
- Индиянын шайлоо комиссиясынын өкүлү (тиркеме 7).
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом «ЭркинТоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүА.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 29-сентябры
№ 160
2015-жылдын 29-сентябрында жарыяланды