28.11.2019 №165 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылы 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы  № 157 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Байышова Суйумкан Кожомуратовна жана Абдиев Рамил Сулайманович катталган. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 22-ноябрындагы  протоколу менен Бакайыр айылдык кеңешиндеги 11 депутат катышып,  С.К. Байышова 2 добуш, Р.С. Абдиев – 9 добуш алды, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 22-ноябрындагы протоколу менен Абдиев Рамил Сулайманович Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Абдиев Рамил Сулайманович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы Бакайыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН 
ОРУН БАСАРЫ                     А. БЕКМАТОВ                                               

Бишкек ш., 2019-жылдын 28 -ноябры
№ 165