21.02.2020 №53 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 18-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №23 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Бузурманкулов Жоомарт Алмасбекович, Молдокулов Азамат Антонбекович, Мурзакматов Нурболот Сапарбекович, Садыков Расулбек Торокельдиевич катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 18-февралындагы протоколу менен Военно-Антоновка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Ж.А. Бузурманкулов - 0, А.А. Молдокулов - 6, Н.С. Мурзакматов -2, Р.Т.Садыков– 11 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 18-февралындагы протоколу менен Садыков Расулбек Торокельдиевич Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылы 18-февралда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Садыков Расулбек Торокельдиевич Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 21-февралы

53