24.11.2020 №379 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Э.К. Абакировдун мурда сунуш кылган шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жана шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө 2020-жылдын 23-ноябрында кир. №№ 01-12/3455, 01-12/3456, 01-12/3457 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы № 329 токтому менен катталган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эшенов Элчибек Акматбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы № 329 токтому менен катталган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Маматалиева Мунара Даниярбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

3. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эшенов Элчибек Акматбековичке берилген № 30 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Маматалиева Мунара Даниярбековнага берилген № 31 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Абитов Темирлан Сапарбекович катталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кадыракунова Айнура Мелисовна катталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-ноябры

№ 379