«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
11-беренесиндеги 2-,3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй областтарынын жергиликтүү кеңештеринин депутатарын кайра шайлоо жөнүндө” ПЖ № 77 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учар шайлоо округунун негизинде “Жапалак” шайлоо участкасы түзүлсүн.
2. Учар шайлоо округунун жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларынын чек аралары жана схемалары төмөнкү чек араларда бекитилсин:
“Учар” шайлоо участкасы
Борбору: Учар орто мектебинин имараты
Чек аралары: Т. Сатиев, М. Акчалов, Ж. Асаев, Жаңы-Учар, Т. Эрматов көчөлөрү.
“Жапалак” шайлоо участкасы
Борбору: Жапалак айылдык кеңешинин клубунун имараты
Чек аралар: А. Саматов, А. Жээналиев, К. Карабашев көчөлөрү, ДЭУ-21 ишкананын айланасында жайгашкан үйлөр, Ж. Абылкасымов көчөсү, Жапалак көчөсүнүн сол тарабы.
3. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округунун схемалары жана чек аралары төмөнкү чек араларда бекитилсин:
№2 Учар шайлоо округу
Шайлоочулардын саны - 3655, мандаттардын саны-8.
Чек аралар: Жапалак, Чурулдай көчөлөрү, ДЭУ-21 ишкананын айланасында жайгашкан үйлөр, Учар айылы.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 19-апрели
№ 55