21.11.2020 №376 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Турдубекова Элеонора Маратовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Э.М. Турдубекованын мурда сунуш кылган шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө 2020-жылдын 20-ноябрында кир. № 01-12/3419 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы № 337 токтому менен катталган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.М. Турдубекованын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Усупбекова Назгул Маратовнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.М. Турдубекованын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Усупбекова Назгул Маратовнага берилген № 45 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 21-ноябры
№ 376