Баткен облусундагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 24-июнундагы № 23 чечиминин негизинде шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 3-августуна дайындалган Баткен облусундагы Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 26-июну
№83
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 83
токтомуна тиркеме
21 мандаттуу Майдан айыл аймагы
Жалпы шайлоочулардын саны -6179
№1 Кара-Жыгач шайлоо округу, 7 мандат
Шайлоочулардын саны-2093
Борбору: Кара-Жыгач айылдык клубу.
Чек аралары: Кара-Жыгач, Кара-Кыштак айылдары.
№2 Майдан шайлоо округу, 6 мандат
Шайлоочулардын саны-1618
Борбору: Исфайрам орто мектеби
Чек аралары: Майдан, Пум айылдары.
№3 Кароол шайлоо округу, 2 мандат
Шайлоочулардын саны-641
Борбору: Майдан орто мектеби
Чек аралары: Кароол , Кереге-Таш, Аустам айылдары.
№4 Сары-Алтын шайлоо округу, 3 мандат
Шайлоочулардын саны-904
Борбору: Сары-Алтын орто мектеби
Чек аралары: Бак, Сары-Алтын, Акимбек, Жаныбай-Абад айылдары.
№5 Исамариям шайлоо округу, 3 мандат
Шайлоочулардын саны-923
Борбору: Темирбаев атындагы орто мектеби
Чек аралары: Кара-Дөбө, Исамариям айылдары