№473 «Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары түзүүчү административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү тартиби жана анын формасы тууралуу» Нускаманы бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөрдү ишке ашыруунун бирдиктүү тартибин белгилөө жана “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 556-1 – беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун 37-абзацын, 3-бөлүгүн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары түзүүчү административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү тартиби жана анын формасы тууралуу» Нускама бекитилсин.

2. Административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө аймактык шайлоо комиссиялардын төрагалары, алар жок болгон учурда милдеттерин убактылуу аткарган адамдар укуктуу экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 5-январындагы “Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө администрациялык укук бузуулар жөнүндө шайлоо комиссияларынын протокол түзүү тартиби жана формасы жөнүндө түшүндүрмө туурасында” № 197 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмү маалыматтык бөлүм менен биргеликте административдик укук бузуулар жөнүндө маалыматты жайгаштыруу үчүн маалыматтардын электрондук базасын иштеп чыксын.

5. Укуктук камсыздоо бөлүмү административдик укук бузуулар жөнүндө маалыматтардын электрондук базасын туруктуу негизде жүргүзүүнү камсыз кылсын.

6. Ушул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларга жиберилсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык топтун жетекчиси К. Осмоналиевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 24-сентябры
№ 473