13.06.2021 № 430 2021-жылы 8-июнундаөткөрүлгөн Нарын облусунунКочкоррайонунунКочкорайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 8-июнундаКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын20-майындагы №247токтому менен дайындалган Нарын облусунунКочкоррайонунун Кочкорайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоо болуп өттү.

Кочкорайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер –Исраилов Мирлан Мажитович,Курманалиева Упакл Ашырбековна, Мусаев Алибек Төлөгөнович катталган. ТалапкерлерКочкорайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кочкораймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Кочкорайылдык кеңешиндеги 21 депутатын 20 депутаты катышып,М.М. Исраилов-11 добуш,У.А. Курманалиева – 0 добуш,А.Т. Мусаев – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Кочкораймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Исраилов Мирлан МажитовичКочкорайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Кочкоррайонунун Кочкорайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 8-июнундагыКочкораймактык шайлоо комиссиясынын Кочкорайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 8-июнундаөткөрүлгөн Нарын облусунун КочкоррайонунунКочкорайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыгыжана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Кочкораймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын8-июнундагы протоколдорубекитилсин.

1.1. Нарын облусунун КочкоррайонунунКочкорайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Исраилов Мирлан МажитовичНарын облусунун Кочкоррайонунун Кочкорайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кочкораймактык шайлоо комиссиясы шайланганКочкорайыл өкмөтүнүнбашчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-июну

№ 430