11.06.2021 № 402 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 216 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Райышбеков Курсантбек Шереманович, Ташкулов Алибек Өктөмбекович катталган. Талапкерлер Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, К. Райышбековго – 11 добуш, А. Ташкуловго – 10 добуш берилгендиги белгиленген.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Райышбеков Курсантбек Шереманович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Алимбеков Төрөкул Бөрүкулович, Бекмырзаев Капарбек Акынович, Төрөбеков Болотбай Аманбаевич катталган. Талапкерлер Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Кызыл-Туу айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, 1 турда: Т. Алимбековго – 9 добуш, К. Бекмырзаевге – 9 добуш, Б. Төрөбековго – 9 добуш; 2 турда: Т. Алимбековго – 11 добуш, К. Бекмырзаевге – 10 добуш берилгендиги белгиленген.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Алимбеков Төрөкул Бөрүкулович Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 4-июнундагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Райышбеков Курсантбек Шереманович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Алимбеков Төрөкул Бөрүкулович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну
№ 402