№208 Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 26-октябрындагы №197 токтому менен 2018-жылдын 14-ноябрына дайындалган Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларыншайлоо болуп өттү.
Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Алайжана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алайаймактык шайлоо комиссиясынын Үч-Төбөайыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 14-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1.Ошоблусунун Алай районунун Үч-Төбөайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ошоблусунун Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Акматов Таалайбек Эрмекбаевич табылсын.
2. Чоң-Алайаймактык шайлоо комиссиясынын Жекендиайыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 14-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Ошоблусунун Чоң-Алайрайонунун Жекендиайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ошоблусунун Чоң-Алайрайонунун Жекенди айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Колдошов Жээнбек Исламовичтабылсын.
3. Алай жана Чоң-Алайаймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовгожүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 20- ноябры
№208