2015-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 16-мартындагы №36 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Сары-Колот; Кара-Кулжа районунун Кеңеш; Ноокат районунун Көк-Бел, Н.Исанов атындагы; Алай районунун Кабылан-Көл, Коңур-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү.
Шайлоолорду өткөрүү үчүн «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Ош облусунда жалпы 19 шайлоо округдары жана 26 шайлоо участкалары түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 4-майындагы №3, 4 чечимдеринин негизинде Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биометрикалык идентификацияларын аныктоого, автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Калган шайлоо участкаларында автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде түзүлгөн.
Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа, Алай, Ноокат райондорунун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшү, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери тууралуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына арыздар жана актылар түшкөн эмес.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Алай аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Сары-Колот; Кара-Кулжа районунун Кеңеш; Ноокат районунун Көк-Бел, Н.Исанов атындагы; Алай районунун Кабылан-Көл, Коңур-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Сары-Колот; Кара-Кулжа районунун Кеңеш; Ноокат районунун Көк-Бел, Н.Исанов атындагы; Алай районунун Кабылан-Көл, Коңур-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына тиркемедеги талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин.
- Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 27-майы
№49
2015-жылдын 27 майында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 27-майындагы
№ 49 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси
Ош облусу
Кара-Суу району
Отуз-Адыр айылдык кеңеши
9 мандаттуу “№1 Борбордук” шайлоо округу боюнча:
- Туйбаев Таалайбек Адиевич 408
- Адилбек уулу Русланбек 372
- Молдошов Эсен Опонович 363
- Беделов Алмазбек Дарбанович 344
- Адашов Алмазбек Убайдуллаевич 323
- Кадыров Алмазбек Мыйзамович 303
- Алдраков Сырбек Жаныбекович 295
- Акпаров Гапуржан 291
- Айдаров Абдимиталип Омарович 286
4 мандаттуу “№2 Кара-Дөбө” шайлоо округу боюнча:
- Мурзаев Асабидин Аттокурович 489
- Калбеков Абдубаит Муратович 444
- Нуритдинова Айчурок Пазиловна 435
- Абдирахманов Батырбек Асанович 304
8 мандаттуу “№3 Кыш-Абад” шайлоо округу боюнча:
- Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевич 559
- Атабаев Эрмамат Термеевич 456
- Атабаев Уланбек Камилжанович 442
- Курбанбаев Урмат Батырбекович 432
- Абдилазиз уулу Абдимитал 407
- Саданов Талант Калыкович 387
- Жумабаев Абдираим Сатвалдиевич 385
- Муратов Мамазакир Мансурович 365
Сары-Колот айылдык кеңеши
9 мандаттуу “Сары –Колот” шайлоо округу боюнча:
- Абдиев Бакытбек Ашимбекович 370
- Эргешов Кубаныч Абдиллаевич 275
- Алиева Айгул Жаныбаевна 269
- Молдоев Асан Ильязович 261
- Мамасалиев Дилмурад Каримович 249
- Акулов Аширали Юлбарсович 234
- Султанов Санжарбек Юсупович 226
- Бекмурзаев Арзыкул Мусурманкулович 225
- Молдоташева Эркаим Аттокуровна 194
7 мандаттуу Курбан-Кара шайлоо округу боюнча:
- Жусупов Нурбек Паизбекович 332
- Сатыбаев Кутманбек Абдулажанович 262
- Атаков Бакыт Умарович 247
- Абжапаров Алишер Сабырбекович 238
- Уркунбаев Арстанбек Абдиталипович 204
- Эргашев Чынгыз Эсенович 186
- Туракулова Майрамхан Жалиловна 179
5 мандаттуу “Шерали” шайлоо округу боюнча:
- Кулботоев Нургазы Кожомуратович 239
- Абдыкадыров Байтемир Эркинбаевич 230
- Маматов Таалайбек Алиевич 220
- Султанов Асилбек Шакирович 197
- Эсен уулу Ырысбек 193
Кара-Кулжа району
Кеңеш айылдык кеңеши
7 мандаттуу №1 “Ат-Келтир” шайлоо округу боюнча:
- Тойчуева Зумурат Токоевна 241
- Бөкөтаев Айбек Апсаламович 232
- Акматалиева Караматкан Аттокуровна 229
- Жусупов Бахытбек Шакирбаевич 208
- Мансуров Расулбек Жанышович 189
- Бекмурзаев Абдилашим Маматеминович 186
- Сабаев Нурали Маматкулович 183
4 мандаттуу №2 “Пор” шайлоо округу боюнча:
- Токторов Дүйшөбек Орозалиевич 194
- Эминов Нурлан Мамасабирович 163
- Пусурманкулов Маратбек Матишович 128
- Рысбеков Курстанбек Нурмаматович 127
Ноокат району
Көк-Бел айылдык кеңеши
13 мандаттуу “Көк-Бел” шайлоо округу боюнча:
- Абдыкадыров Турдали Жуманович 471
- Адимов Адылбек Акматович 467
- Тешебаев Чолпонбай Самидинович 454
- Джороев Туйгунбек Жунусович 441
- Умаров Сайбидин Тойчуевич 436
- Балтабаев Омар Жакыпович 420
- Калмамат уулу Асадуллоо 405
- Ашимов Ажимидин Борубаевич 393
- Якипов Абдулвахоб Топчубаевич 378
- Ташматов Ибрайим Абдилабекович 369
- Арзыбаев Закир Салиевич 367
- Жакыпов Аскарали Аванович 365
- Ысмайылов Абдилазиз Зулпукаарович 346
8 мандаттуу “Исанов” шайлоо округу боюнча:
- Жаанбаев Кумарбек Калыбаевич 382
- Айткулов Мухамед Нуркамилович 377
- Жолдошбаев Нурали Салиевич 359
- Казыбаев Бекболот Ташанович 336
- Алиев Маматразак Турдумаматович 323
- Матмусаев Абдижапар Маликович 320
- Маманов Абдирашит Амирович 253
- Джороев Алибек Митаевич 245
Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
4 мандаттуу “Чеч-Дөбө” шайлоо округу боюнча:
- Мурзамудин уулу Уланбек 501
- Нурмаматов Жоодарбек Абдулхамитович 280
- Маманов Мурзакарим Байдиллаевич 274
- Карамоторов Жумамидин Самидинович 266
4 мандаттуу “Жар-Коргон” шайлоо округу боюнча:
- Мадимаров Жанышбек Ташбалтаевич 430
- Осмонов Орипжан Исмаилович 356
- Артыков Мелис Канназарович 351
- Жапаров Таалайбек Маматович 336
5 мандаттуу “Кошчан” шайлоо округу боюнча:
- Сыдыков Маматали Надирович 391
- Аттокуров Асилбек Сатыбалдыевич 343
- Жолдошов Нургазы Жумабаевич 306
- Тургунбаев Төлөгөн Дүрсүмаматович 284
- Эргешов Эгемберди Ысманалиевич 243
2 мандаттуу “Жаңы-Базар” шайлоо округу боюнча:
- Маматов Исматилла Абдилазизович 217
- Джумабаев Атабек Шералиевич 105
6 мандаттуу “Күңгөй-Кожоке” шайлоо округу боюнча:
- Карыбеков Урустамбек Кенешович 501
- Эргешов Асилбек Абдусаламович 328
- Кудайбердиев Бакыт Арапович 311
- Нурматов Ыдырысбек Абдисаматович 275
- Кулушова Нуркан Оторовна 249
- Жолдошов Асылбек Маматалиевич 222
Алай району
Кабылан-Көл айылдык кеңеши
8 мандаттуу “Кабылан-Көл” шайлоо округу боюнча:
- Камилов Токтосун Рашидинович 314
- Кадыркулов Убайдилла Дүйшөбаевич 287
- Кулмаматов Манас 267
- Эркинбай уулу Тынчтыкбек 234
- Жаңыбаев Эсенбек Сапарбаевич 226
- Акаев Шералы Кубанычевич 225
- Пусуров Анарбек Каримович 207
- Сатаров Базарбай Пришович 193
3 мандаттуу “Күңгөй” шайлоо округу боюнча:
- Кадыркулов Жолборс Рысмаматович 141
- Темирмамат уулу Аматбек 114
- Мадаев Гүлжигит Мурзамидинович 82
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
6 мандаттуу “Боз-Караган” шайлоо округу боюнча:
- Азимжанов Асилбек Төлөнбаевич 322
- Бегматов Токтобай Учкунович 297
- Сарыков Батырбек Жунусович 244
- Бекташов Жыргалбек Маматович 215
- Айдарбеков Жодарбек 212
- Баатыров Базарбай Улукович 208
5 мандаттуу “Арпа-Тектир” шайлоо округу боюнча:
- Орозбаев Нурлан Аматович 226
- Пасаңов Улан Маматович 207
- Арстанбеков Ракманберди 195
- Пайзиева Гүлүпа Бурхановна 171
- Абдираимов Сали Бакирович 151