«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 9-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы №139 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү жана алып баруу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, 2015-жылдын 15- жана 21-сентябрынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун негизинде, 2015-жылдын 22-сентябрынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылдык кеңешинин жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин токтомдорунун негизинде, аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдорунун негизинде, ошондой эле, 2015-жылдын 24-сентябрындагы чүчү кулактын протоколдорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү талапкерлер киргизилсин:
|
Исмаилов Исламидин Пакырович |
– «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан; |
|
Абдуллаев Хабибулла Имарович |
– «Туран» демократиялык партиясы» саясий партиясынан; |
|
Саматов Шайырбек Абдилатович |
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; |
|
Таирова Нуризат Нематовна |
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
|
Жумабай уулу Сулайман |
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөндөгү талапкерлер киргизилсин:
|
Султанов Тынчтык Джаанбаевич |
– «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан; |
|
Асанбаев Эркинбек Турускелдиевич |
– «Туран» демократиялык партиясы» саясий партиясынан; |
|
Болокбаева Гулмира Маданбековна |
– «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан; |
|
Темирбеков Нурдин Темирбекович |
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
|
Айдакеев Уларбек Каныбекович |
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
|
Абдыкасымов Алтынбек Асанкадырович |
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
|
Куронова Жамиля Муратбековна |
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан |
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А.ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 26-сентябры 2015-жыл
№ 154
2015-жылдын 26-сентябрында жарыяланды