№459 О регистрации доверенных лиц кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Жээнбекова Сооронбая Шариповича

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтен ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин ишенимдүү адамдары болуп тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин тиркемеге ылайык ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 20-сентябры

№459