18.06.2021 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы № 324 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Боталиев Таалайбек Эсенгулович, Маметтоктоев Эдилбек Жээнчороевич катталган. Талапкерлер Коңорчок айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Коңорчок айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Т.Э. Боталиев – 6 добуш, Э.Ж. Маметтоктоев – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Боталиев Таалайбек Эсенгулович Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер Русланов Кудайберген Русланович катталган. Талапкер Кара-Бүргөн айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен    Кара-Бүргөн айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, К.Р. Русланов - 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Русланов Кудайберген Русланович Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок жана Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 14-июнундагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Коңорчок жана Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде,                                          «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Коңорчок жана Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын       2021-жылдын 14-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок жана \Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Боталиев Таалайбек Эсенгулович Нарын облусунун \ Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Русланов Кудайберген Русланович Нарын облусунун\ Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Коңорчок жана    Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 18-июну

№ 508