“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 20-, 24- пунктчаларын, 27-беренесинин 1-, 2-,4-,11-пункттарын, 73-беренесинин 1-,3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн 119 санындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. “Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси “Эркин Тоо” газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. “Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 7 -сентябры
№211