07.03.2020 №66 2020-жылы 28-февралда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 28-февралда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 28-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №46 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Осмонбаев Руслан Өзгөрүшович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 28-февралындагы протоколу менен Ак-Чий айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын баардыгы катышып, Осмонбаев Р.Ө. - 11 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 28-февралындагы протоколу менен Осмонбаев Руслан Озгорушович Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 28-февралда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Осмонбаев Руслан Озгорушович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Чий айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 6-марты
№66