20.11.2020 №366 2020-жылы 18-ноябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 291 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Максутов Кылычбек Замирович катталган, талапкер Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Абдыкадырова Токтокан тарабынан сунушталган.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 18-ноябрындагы протоколу менен Ак-Жар айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, К. З. Максутов - 16 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 18-ноябрындагы протоколу менен Максутов Кылычбек Замирович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2020-жылдын 18-ноябрындагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 18-ноябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Максутов Кылычбек Замирович Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 20-ноябры
№ 366