№16 Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: А.Б. Орозобековдун, Р.К. Жээнбековдун, З.А. Сейдалиевдин, Д.С. Кулубаеванын, А.Р. Исаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Орозобеков Адил Барчынбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айрыгомова Саламаткан Айдарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жээнбеков Руслан Кабылович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Убукеева Чынара Турдуевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3.Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сейдалиев Зиомидин Абдимиталипович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Республика-Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Садыков Максымбек Бурканович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4.Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кулубаева Джылдыз Садырбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исаева Алина Романовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Элдик-Народная” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кадырбаев Таалайбек Ишенбаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ивкина Светлана Николаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 28-февралы
№ 16