№104 2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 55 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Казыбек айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участкасы түзүлгөн. Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 11 мандатка 28 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 2973дү түзүп, анын ичинен 1485 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 49,95% түзөт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык, №4013, №4014 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын 13-майындагы протоколдорунун негизинде Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 16-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жана Казыбек айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 21-майы
№ 104
Бишкек ш., 2018-жылдын 21-майы
№ 104