17.06.2021 № 486 2021-жылы 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл, Дара, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл, Дара, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 10, 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 263, 2021-жылдын 25-майындагы № 301 токтомдору менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл, Дара, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Таабалдыев Аскарали Таштемирович, Эркебаев Сейдали - Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Төрт-Гүл айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А. Таабалдыевге – 8 добуш, С. Эркебаевге – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Эркебаев Сейдали Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Байзаков Закир Топчуевич - Баткен райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан сунушталган, Мисиралиев Алтынбек Гафурович - Дара айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Дара айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, З. Байзаковго – 9 добуш, А. Мисиралиевге – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Мисиралиев Алтынбек Гафурович Дара айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Эркебаев Ашырали Анарбаевич - Баткен райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан сунушталып катталган.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кыштут айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын ичинен 20 депутаты катышып, А. Эркебаевге – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 7 добуш берилгендиги белгиленген.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Эркебаев Ашырали Анарбаевич Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Дыйканов Кубанычбек Айбашович, Пазылова Жамила - Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Суу-Башы айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, К. Дыйкановго – 15 добуш, Ж. Пазыловага – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Дыйканов Кубанычбек Айбашович Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл, Дара, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 10, 11-июнундагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Төрт-Гүл, Дара, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Баткен облусунун Баткен районунун 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Төрт-Гүл жана Дара айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10, 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл, Дара, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Эркебаев Сейдали Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Мисиралиев Алтынбек Гафурович Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Эркебаев Ашырали Анарбаевич Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Дыйканов Кубанычбек Айбашович Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Төрт-Гүл, Дара, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                           

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 486