КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялар үчүн КОЛДОНМО

  1. Саясий партиялар үчүн усулдук сунуштар

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренеси)

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө шайлоону дайындоо жөнүндө расмий чечим жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон жана/же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар укуктуу. Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген кундөн тартып 3 календардык кундөн кечиктирбестен ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарына тизменин жарыяланышын камсыздайт жана ушул эле мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көрсөтүлгөн тизмени жөнөтөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалагандыгын билдирген саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык саясий партиядан талап кылынган шайлоо документтерине кол тамга коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ысымын жана маалыматтарын көрсөтүү менен шайлоого катышуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама жөнөтүүгө тийиш. Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү билдирүүгө тиркелип  саясий партиянын жетекчиси кол коет жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.

Саясий партия шайлоо документтеринде колдонулган кыска аталышын жана эмблемасын, алардын уставында камтылгын аталышы жана эмблемасы айырмаланган учурда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышын жана эмблемасын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшыргандан кийин, шайлоо процесси аяктаганга чейин өзгөртүүгө жол берилбейт.

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында аталган кабарламаны жана атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымкатты алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө тастыкталышын саясий партияга токтоосуз берүүгө милдеттүү.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күн  калганда аяктайт (2020-жылдын 20-августуна чейин).

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Шайлоо өткөрүлгөн күнү 21 жашка жеткен, шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайлана алат.

Сот тарабынан жарамсыз деп таанылган же соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалган жарандар шайлоо, шайлануу укугуна ээ эмес.

Тизме боюнча саясий партия көрсөткөн талапкерлердин жалпы саны 75тен аз эмес жана 200 талапкерден көп болбошу керек.

Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөндөгу өкүлчүлүктөрдү эске алууга милдеттүү:

  • бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайызынан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмелериндеги кезектүүлүктүн айырмасы үч пайыздан ашпоого тийиш;
  • 35 жаштан ашкан талапкерлердин 15 пайызынан кем болбоосун, мында алардын ичинен 5 талапкерден аз эмеси биринчи 65 талапкердин тизмесине киргизилүүгө тийиш;
  • ар кандай этноско тиешелүү болгон талапкерлердин 15 пайызынан кем болбоосун, мында алардын ичинен 5 талапкерден аз эмеси биринчи 65 талапкердин тизмесине киргизилүүгө тийиш;
  • ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 2 талапкерден кем болбоосун, мында алардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилүүгө тийиш.

Саясий партия көрсөткөн жана саясий партиянын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкерлердин тизмеси берилгенден кийин анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби талапкерлердин чыгып кетүүсүнөн кийин болгон өзгөртүүлөрдөн тышкары өзгөрүүсү мүмкүн эмес. Мындай болгон учурда чыгып кеткен талапкердин ордун “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен саясий партиянын башка мүчөсү ээлейт.

Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партия өздөрүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эсе өлчөмүндөгү (5 000 000 сом) шайлоо күрөөсүн коюшат.

 

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41,62-беренелери)

 

Саясий партиялар алардын талапкерлери көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтер берилгенге чейин шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүнү каржылоо үчүн өздүк шайлоо фонддорун түзүшөт.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо комиссиясы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 62-беренесинде каралган тартипте, саясий партиянын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталгандан кийин, өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү менен саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аларды түзүү булактары, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду беришет.

Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) эсептик көрсөткүчтөн 15000 (1500000 сом) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерлердин тизмесине киргизилген, талапкердин өз каражаттарынан;

2) эсептик көрсөткүчтөн 1000000 (100000000 сом ) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;

3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 (200000 сом эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;

4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 (3000000 сом) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 3000000 (300000000сом) эседен ашуусу мүмкүн эмес.

Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар катталгандан кийин, шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн ачылган өздөрүнүн шайлоо фонддорунун эсептерин жүргүзүүнү улантат.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүү булактары жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жума сайын жарыяланат. Саясий партиялар өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана бардык булактары, ошондой эле бардык жумшалган чыгымдар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына отчёт берүүгө милдеттүү.

1) биринчи каржылык отчёт – Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсү коюлгандыгын ырастаган документтерди жана каттоо үчүн зарыл болгон башка документтерди берүү менен бир учурда;

2)  экинчи каржылык отчёт (биринчи каржылык отчётту эске алуу менен) – добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен;

3) үчүнчү жыйынтыктоочу каржылык отчёт (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен.

Каржылык отчётко (биринчи, экинчи, жыйынтыктоочу) саясий партиянын жетекчиси жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Каржылык отчёттор Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыяланат.

Саясий партия тарабынан шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарын чыгымдоо тартибин бузуу, шайлоо фондунун чыгымдарынын чектүү суммасын ашыруу, каржылык отчётторун бербөө жана жарыялабоо, саясий партиялардын отчётторунда камтылган анык эмес маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренеси)

 

Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен  жергиликтүү убакыт 18:00гө чейин (2020-жылдын 24-августу, саат 18:00го чейин) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

  1. саясий партиянын жетекчисинин кол тамгасы жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;
  2. талапкерлердин тизмесине кирген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, талапкер жөнүндө маалыматтын атайын формаларын, биографиялык жана башка маалыматтарды, паспорттун көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен справка, башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу жөнүнүдө маалымат, соттуулугу, жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жазуу жүзүндө макулдугу, башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу  (анын ичинде мурунку жарандыгы, башка жарандыгы) ;
  3. шайлоо күрөөсүн киргизгендигин тастыктаган документти.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилүүчү документтер саясий партиянын жетекчисинин кол тамгасы жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу өз алдынча арыз жазуу мүмкүнчүлүгү болбогондо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган башка документтерди толтурууда ал адам бул үчүн башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында, каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөткөн адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык кубөлөндүрүлүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө тастыктама (маалымкат) берүүгө милдеттүү. Тастыктама (маалымкат) документтерди бергенден кийин токтоосуз берилет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы документтер алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ылайык келишин текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тарткандыгы жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзам менен бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз – ара аракеттешүү системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы аталган талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган талапкердин документтеринде же талапкерлердин тизмесинде ылайык келбестикти тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы аталган ылайык келбестиктер жөнүндө саясий партияга кабарлоого милдеттүү. Саясий партия кабарлама алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тиешелүү шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди берүү жөнүндө кабарлоого укуктуу.

Талапкерлердин бир эле тизмесинде бир адамдан ашык адамды каттоого жол берилбейт.

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2020-жылдын 4-сентябрына чейин) аяктайт .

Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тарткандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ал чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын өкүлүнө баш тартуунун негизин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Каттоодон баш тартууга төмөндөгүлөр негиз болушу мүмкүн:

  1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;
  2. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибин сактабоо;
  3. талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
  4. аалган шайлоодо башка саясий партиянын тизмесине талапкерди каттоо фактысынын болушу;
  5. саясий партиянын өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
  6. талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү;
  7. саясий партиянын шайлоо дайындалган датага чейин 6 айдан кеч мамлекеттик каттоосу.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөндөй, эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү документтерди каттоо үчүн бардык зарыл документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттого милдеттүү.

Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн.

Талапкерлердин тизмесин каттодон баш тарткандыгы жөнүндө чечим жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко чечим кабыл алынган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.

Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер ар кандай мезгилде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берүү же Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына ыйгарым укуктуу адамы аркылуу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызды берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерлердин тизмесин каттаган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлердин тиешелүү тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

Саясий партия каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен айрым талапкерлерди катталган тизмеден чыгарууга, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерлердин тизмесин каттаган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлердин тиешелүү тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.

 Саясий партия каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлердин тиешелүү тизмесин каттоо жөнүндө чечимди жокко чыгарууга милдеттүү.

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлердин тизмеси катталгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттагандыгы жөнүндө билдирүүнү басылмага жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы каттодон кийин 2 календардык күндүн ичинде катталган күнүдү көрсөтүү менен талапкерлерге талапкердин тиешелүү кубөлүгүн берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча толтурулууга, нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана талапкердин жеке өзү тарабынан берилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат. Талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечимди кабыл алганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.

 

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо комиссияларындагы  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары өкүлдөрү жана байкоочулары

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9,17,19,20-беренелери)

 

Саясий партиялар ошондой эле төмөндөгүлөрдү дайындоого укуктуу:

  • шайлоого катышуу, анын ичинде финансы иштерине байланыштуу маселелер боюнча экиден ашпаган ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү;
  •  тиешелүү аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына өкүлдөрүн (каттоодон кийин);
  • ишенимдүү адамдарын (каттоодон кийин);
  • добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуштардын жыйынтыктарын белгилөө жана мыйзамдарда каралган тартипте шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен шайлоону даярдоодо байкоо жүргүзүү үчүн өз байкоочусун.

 

Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары өкүлдөрү жана байкоочулары боло алышпайт:

            - Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары,

            - Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер,

            - саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар,

            - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар

            - шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү,

            - судьялар,

            - укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери,

            - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.

 

Ыйгарым укуктуу өкүл:

1) тиешелүү шайлоо комиссиясынан документтерди кабыл алынганы жөнүндө кат жүзүндө ырастама (маалымдама) алат;

2) шайлоо алдында үгүт жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;

3) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо, шайлоо комиссиялары жүргүзүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;

4) ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча, шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;

5) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Талапкер, саясий партия бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү менен, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын каалаган убакта токтотууга укуктуу.

Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинин курамында көрсөтүлгөн бардык талапкерлердин талапкердик статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирбестен аяктайт. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.

 

Ишенимдүү адамдары

Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын же саясий партиянын сунуштамасынын жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.

Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ишенимдүү адам боло албайт.

Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) талапкердин (талапкерлердин тизмесинин) шайланышына өбөлгө болуучу үгүт жана башка иштерди жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;

2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөгө, шайлоо алдындагы дебаттарга жана дискуссияларга катышууга;

3) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

4) добуш берүү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүү жыйынтыктарын чыгарууда шайлоо участокторунда болууга;

5) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;

6) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга, даттанууларды жана арыздарды кароого катышууга.

Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссияларынын жумушуна кийлигишүүгө;

2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо бюллетендерин алганына ал үчүн кол коюуга, ошондой эле ал үчүн шайлоо бюллетендерин толтурууга;

3) эгерде алар ошол жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же кызмат адамдары болуп саналган учурда, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга.

Саясий партиялар бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кабарландырып, аларга берилген ырастамаларды жокко чыгаруу менен ишенимдүү адамдарды каалаган убакта чакырып алууга укуктуу. Ишенимдүү адам каалаган убагында Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнө берилген ырастаманы кайтарып берүү жана бул тууралуу аны дайындаган талапкерди, саясий партияны кабарландыруу менен, өзүнүн демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын таштоого укуктуу.

Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары аларды дайындаган, каттоодон өткөн талапкер статусүн жоготкондо же саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер статусун жоготкондо токтотулат.

 

Шайлоо комиссияларындагы өкүлү

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоодон өткөндөн кийин, анын инсандыгын ырастоочу документтерди, анын негизги жумуш орду жөнүндө маалыматтарды (ишинин түрүн), туруктуу жашаган жеринин толук дарегин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен, тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары - шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу.

Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары, аны тиешелүү шайлоо комиссиясы каттаган учурдан тартып башталат.

Шайлоо комиссияларындагы өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.

 

Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;

2) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;

3) шайлоо комиссиясынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөзгө чыгууга;

4) шайлоо комиссиясынын жыйналышынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;

5) шайлоо комиссияларынын түздөн-түз шайлоого байланыштуу материалдары жана документтери менен таанышууга жана бул документтердин жана материалдардын (мыйзамда белгиленген тартипте ошондойлорго киргизилген купуя маалыматты камтыган документтерди жана материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;

6) шайлоо комиссияларынын аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте даттанууга;

7) көрсөтүлгөн документке ылайык шайлоочунун инсандыгын жана бюллетендин алынышынын тууралыгын текшерүүгө.

Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссиялары жүргүзүүчү текшерүүлөргө катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын атынан түшүндүрмө жана көрсөтмө берүүгө, билдирүү жасоого;

3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;

4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;

5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.

Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары, аларды дайындаган субъекттердин чечими боюнча кандай гана убакта болбосун токтотулушу жана башка адамга берилиши мүмкүн.

Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аны дайындаган субъекттердин каттоосу жокко чыгарылган учурда токтотулат.

Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинин курамында көрсөтүлгөн бардык талапкерлердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердик статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирбестен аяктайт. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.

Саясий партия добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун натыйжаларына даттанган учурда, шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча акыркы чечим чыгаргандан кийин токтотулат.

 

Байкоочу

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, мыйзамдарда белгиленген тартипте, шайлоого даярдык көрүүгө, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу байкоочу дайындоого укуктуу.

Саясий партия ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алат, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат. Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин, бир саясий партиянын кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт.

Байкоочу байкоочунун укуктарына жана милдеттерине, тиешелүү шайлоо комиссиясына, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиядан жолдомо келип түшкөндөн кийин ээ болот.

 Жолдомо паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө жарактуу, талапкердин койгон колу болгондо же саясий партиянын мөөрү коюлганда жарактуу болуп эсептелет. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.

 

Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

2) шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;

6) добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;

7) шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;

8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;

9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга;

10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген уюштуруу жана добуш берүү тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын саноодо толтурулган же толтурулбаган кандай болбосун шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жана башка документтерди түзүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө;

11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштар жана сын пикирлер менен кайрылууга;

12) ал өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;

15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;

16) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, аны шайлоо комиссиясына жиберген уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;

17) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоол болбостон, жеке өзү фото-, көрмө тартууга, укма жазууну жүргүзүүгө.

Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;

2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;

3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;

5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;

6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;

7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;

8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.

Эгерде байкоочу шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, ал добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат.

Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

 

 

Талапкерлердин статусу

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренеси)

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер бирдей укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.

Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызматтык же кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:

1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;

2) мамлекеттик кызматтын түрүнө карабастан (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломаттык), мамлекеттик кызматчы;

з) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;

4) муниципалдык кызматчы;

5) мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашык болгон ишкананын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчиси;

6) жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери.

Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү.

Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер, талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

Катталган талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда чыгып калганда - чыгып калган учурдан тартып, талапкердин статусу менен байланышкан укуктарынан айрылат жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган учурда, талапкерликтери боюнча кайра добуш берүү өткөрүлбөгөн катталган талапкерлер өз статусун шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып жоготот.

Саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, өз өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган аракеттери үчүн жоопкерчилик тартышат.

Катталган талапкер шайлоо өткөрүү убагында администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен (кызмат ордунан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт, аскер кызматына чакыртылбайт.

Катталган талапкердин шайлоого катышкан убагы ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына эсепке киргизилет.

Кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, катталган талапкер шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин, Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы же жаза чараларына тартылышы мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, талапкерлердин катталган тизмесинде чыгып калган депутаттан кийин турган адам Борбордук шайлоо комиссиясы аны Жогорку Кеңештин депутаты деп каттаганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.

 

Шайлоодо администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик, бузуулардын алдын алуу жана чара көрүү

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1-беренеси)

 

Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу - бул талапкерлер, кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары шайлоодо, алардын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчуларын контролдоосунун, бардык талапкерлердин теңдигин бузган тигил же бул талапкерлерди, саясий партияларды колдоонун саясий же башка формаларына өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон финансыны жана аны бөлүштүрүүнү контролдоонун натыйжасында алынган адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстарды мыйзамсыз пайдаланышы.

Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн карамагындагы же башка кызматтык көз карандылыкта турган адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматчыларын тартуу;

2) эгерде башка талапкерлер ушул эле жайларды ушундай эле шарттарда пайдалана албаган учурда, талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген жайларды пайдалануу;

3) талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүн камсыз кылуучу телефондук, факсимиле жана башка байланыш түрлөрүн, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү, уюштуруу техникасын пайдалануу;

4) талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган транспорттук каражаттарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда пайдалануу;

5) кызматтык иш сапарлардын жүрүшүндө мамлекеттик кызматчылардын же муниципалдык кызматчылардын кол чогултуусу, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү;

6) кол чогултуу же шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын артыкчылыктуу пайдалануу (башка талапкерлерге салыштырганда);

7) мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган массалык (коом алдындагы) иш-чаралар өткөндө үгүттөөчү сөз сүйлөө;

8) шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, үгүттөөчү басылма материалдарда аткарылган иштер жөнүндө отчетторду жарыялоо, талапкердин атынан тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнбөгөн куттуктоолорду жана башка материалдарды таркатуу.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген талапкерлер кызматтык же кызмат ордунун абалынын артыкчылыктарын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.

Талапкер болуп эсептелбеген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызматтык же кызмат ордунун абалынын артыкчылыгын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын жетекчилерине, башкармалыгынын мүчөлөрүнө жана уюштуруучуларына, журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарын чыгарган уюмдардын башка чыгармачыл кызматкерлерине, эгерде көрсөтүлгөн адамдар талапкердин, саясий партиянын ишенимдүү адамы же ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоо өнөктүгүн чагылдырууга катышууга тыюу салынат.

* Ушул белгиленген талаптарды бузган адамдар мыйзамдарда каралган жазык же болбосо башка жоопкерчиликти тартат.

 

 

Арыздардын жана даттануулардын электрондук реестри

Шайлоо комиссияларына келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар милдеттүү тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына Арыздардын жана даттануулардын реестри (мындан ары – электрондук Реестр) бөлүмүнө жайгаштырылат.

Электрондук Реестр шайлоо комиссияларынын ишинин ачыктыгын, маалымдуулугун камсыз кылуу, шайлоо комиссиялары караган арыздар (даттануулар) жөнүндө шайлоо процессинин субъекттерине (катышуучуларына), ошондой эле бардык таламдаш жактарга маалымдоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн.

Аймактык шайлоо комиссиясында/Борбордук шайлоо комиссиясында катталган бардык арыздар (даттануулар) катталган учурдан тартып беш календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында Арыздар (даттануулар) реестринде чагылдырылат. Участкалык шайлоо комиссияларынын Арыздар (даттануулар) реестри жыйынтыктар чыгарылгандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында чагылдырылат.

Электрондук Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

арызды (даттанууну) караган шайлоо комиссиясынын аталышы,

арыз (даттануу) берген адамдын жана (же) анын өкүлүнүн инициалдары;

арыз (даттануу) келип түшкөн дата;

арыздын (даттануунун) кыскача мазмуну;

арызды (даттанууну) карап чыгуунун натыйжалары боюнча шайлоо комиссиясынын чечими, мында электрондук Реестрдин тиешелүү бөлүмүндө кабыл алынган чечимдин кыскача мазмуну жайгаштырылат, ошондой эле шайлоо комиссиясынын көрсөтүлгөн чечиминин тексти тиркелет;

эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими сотко даттанылган болсо, биринчи инстанциядагы соттун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими. Мында мында электрондук Реестрдин тиешелүү бөлүмүндө кабыл алынган чечимдин кыскача мазмуну жайгаштырылат, ошондой эле соттун көрсөтүлгөн чечиминин тексти тиркелет.

 

Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү үчүн шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлөт. Алардын курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын, прокуратуранын жана УКМКнын өкүлдөрү кирет.

 

1. Координациялык топтун негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр:

  • шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;
  • көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.

2. ЫЧКТ аймактык шайлоо комиссияларында укук коргоо органдарынын – ИИМдин, УКМКнын тиешелүү аймактык деңгээлдериндеги өкүлдөрүнөн, ошондой эле прокуратура органдарынын мыйзамдуулукка көзөмөлдүк жүргүзгөн өкүлдөрүнөн түзүлөт.

 

ЫЧКТнын иш тартиби КР БШКнын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген “Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧКТ) ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө” Жободо аныкталган.

 

Шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

(«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22,23,24,25,26-беренелери)

 

Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларды кабарландырууну, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт жана жарандардын эркин аң-сезимдүү жана эркин билдирүүлөрүнө жана шайлоонун айкын өтүшүнө өбөлгө түзөт.

Шайлоочуларды кабарландырууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар, ушул конституциялык Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарды өз убагында жана так кабарландыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

 

Шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүү талапкерлердин бардык тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат (2020-жылдын 4-сентябрынан 3-октябрынын саат 8:00го чейин).

Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:

1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;

3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

 

Шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

2) стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларда концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, теледебаттарды) өткөрүү аркылуу;

3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

4) ушул конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.

 

Үгүт жүргүзүүгө, бардык үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга  төмөнкүлөр укуксуз:

-мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;

- Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар;

- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;

-  байкоочулар;

-  эл аралык байкоочулар;

            - диний уюмдардын өкүлдөрү;

- кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү;

- 18 жашка чыга элек адамдар;

-  чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар;

- жарандыгы жок адамдар.

  • Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет.
  • Талапкерлердин жана саясий партиялардын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
  • Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат. Үгүт материалдарынын басылма жана башка нускалары же алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

 

Саясий партия талапкерлер, талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кеминде бир республикалык мезгилдүү басылмага жарыялайт, ошондой эле аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.       

Саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, аудио көрүү жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана тарктатууга укуктуу.

Саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүсүнө бирдей шарттар кепилденет.

  Саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин таризин жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларды үгүттөөнүн өзгөчөлүктөрү

Саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, аудио көрүү жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуктуу.

Саясий партиялар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн окуу үчүн ыңгайлуу болгон чоңойтулган тамгалар менен басылган, сурдо которууну жана субтитрлерди, ошондой эле Брайль тамгаларын пайдалануу менен, үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес санда үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.

 

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу үгүт жүргүзүү

 

.Саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:

1) саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;

2) тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого;

3) кайсы бир саясий партиянын талапкери (кайсы бир талапкерлери) тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга;

4) талапкерге, саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.

Теле көрсөтүү жана радио боюнча үгүт жүргүзүү

Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, же интернет-басылмалар, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга бул телерадио уюмдарынын каналдарынан акысыз обо убактысын берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу - саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы, катталган жана берүүгө келген талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт. Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.

Саясий партияларга, менчигинин түрүнө карабастан, обо убактысын берген телерадио уюмдары обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыт көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка, саясий партияларга берүүгө милдеттүү.

Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда теңчилик принцибин сактоо менен чучукулак аркылуу  бөлүштүрүлөт.

Айтышуу

Бөлүнгөн акысыз эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн жарымынан көбү айтышууларды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү үчүн талапкерлеринин тизмесин көрсөтүшкөн саясий партияларга гана   берилет. Акысыз эфирдик убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык саясий партияларга бирдей негизде жол берилет.

Айтышууларды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү жалпы улуттук деңгээлде жүргүзүлөт.

Ошондой эле айтышууларды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү аймактык телерадио уюмдарында жүргүзүлүшү мүмкүн.

Эгерде теле радио компаниялардын орун-жайлары бардык саясий партиялардын өкүлдөрүн бир учурда батыра албаса, айтышуулар бардык саясий партиялар үчүн  бир учурда же саясий партиялардын топтору менен өзүнчө өткөрүлүшү мүмкүн. Айтышуулардын катышуучу топторунун курамы чүчүкулак тартуу аркылуу аныкталат.

Катталган саясий партиялардын кызыкдар колдоо өкүлдөрү жана топтору мындай иш-чарага катышууга жол берилбейт.

Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу үгүт жүргүзүү

 

Саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар же интернет-басылмалар  менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана орун-жайларынан тышкары жерлерде жайгаштырылган үгүт басылма материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берген күнү мурдагы орундарында тура берет.

Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын (уюмдун аталышын), фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.

Тийиштүү шайлоо фондусунан алдын ала акы төөлөсүз жана ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен шайлоо алдындагы үгүт материалдарын даярдоого жол берилбейт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 21-пунктка ылайык үгүт материалдарын илүү үчүн ар бир шайлоо участкасында атайын орундарды бөлүп, жабдууга милдеттүү.

Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Эстеликтерге, эстелик мамылар жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттар тарыхый-маданий мурастар болуп саналат жана элдин турмушундагы тарыхый окуялар, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү, чыгармачылыктын материалдык жана руханий чыгармалары менен байланышкан. Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын субъекттеринин менчигинде турган тарыхтын жана маданияттын эстеликтери мамлекет тарабынан кайтарылат.

Көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү аркылуу үгүттөө

Саясий партиялар шайлоочулар менен чогулуштарды жана жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды өткөрүү үчүн жайларды акысыз жана акы төлөп алуу укугуна ээ.

Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жай саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шартта  пайдаланууга берилет.

Саясий партиялар көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн менчиктин кандай болбосун түрүн келишимдик негизде акыга ижарага алууга да укуктуу. Жайдын менчик ээси тарабынан белгиленүүчү ижара акысынын өлчөмү бардык саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш жана алар үчүн акы төлөө шайлоо фонддорунун гана жүзөгө ашырылууга тийиш.

 

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдалануулардын жол берилбестиги

Шайлоо комиссиялары шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт, төмөндөгүлөгө тыюу салынат:

- улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө;

- бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарга;

-  согушту үгүттөөгө;

- башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга

-  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка формаларына.

Шайлоо дайындалган учурдан тартып төмөндөгүдөй шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынат:

- шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө;

- шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга;

- товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө;

- Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тизмекке ылайык талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын эн белгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга;

- акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө.

Саясий партиянын жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.

Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

Талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн же шайлооунун катышуучусу катары катталган   саясий партиялар же алардын өкүлдөрү тарабынан аларды идентификациялоого (алардын таандуулугун аныктоо) жол берүүчү саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, төш белгилерин, логотиптерин же алардын мүнөздүү курамдык бөлүктөрүн, желегин, девиздерин, жазууларын жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) пайдалануу менен шайлоочуларга маалыматтарды жайылтуу үгүт болуп саналат жана шайлоо дайындалган күндөн тартып жана талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилде жана добуш берүү башталганга 24 саат калганга чейин жол берилгис.

Саясий партиялардын штабдары жайгашылган имараттарда жана жайларда саясий партиялардын аталыштарын (толук, кыскартылган же аббревиатураларын), эмблемаларын, логотиптерин, төш белгилерин, желегин, девиздерин жана/же башка атрибуттарын (символикаларын) жайгаштыруу шайлоо алдындагы үгүт болуп саналбайт.

 

Шайлоо укугун бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

               Шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликтин төмөнкү түрлөрү каралган:

               Конституциялык жана укуктук жоопкерчилик, шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик, төмөнкүлөрдү караштырат: каттоодон баш тартуу; каттоону жокко чыгаруу ж.б.

               Конституциялык жана укуктук жоопкерчиликке тартуу маселелерин шайлоо комиссиялары карайт.

               Конституциялык жана укуктук жоопкерчиликтен тышкары, Кодекстерге ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик каралган:
               1) Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык:

- 42-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу

- 42¹-берене. Шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерди жана талаптарды аткарбоосу

- 422-берене. Шайлоочунун билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү

- 423-берене. Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды алуусу

- 43-берене. Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу

- 44-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу

- 45-берене. Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу

- 46-берене. Талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы

- 47-берене. Тоголок үгүт материалдарын таратуу

- 48-берене. Үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу

2) Жоруктар жөнүндө кодекси боюнча:

- 87-берене. Шайлоочунун башка адам үчүн добуш берүүсү

- 871-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу

- 87²-берене. Шайлануучу кызмат ордуна талапкердин билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү

3) Жазык кодекси боюнча:

- 191-берене. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

- 192-берене. Шайлоочуларды сатып алуу

- 193-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу

- 194-берене. Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу

- 195-берене. Шайлоо документтерин бурмалоо

Мында, шайлоо комиссиялары тарабынан Бузуулар кодексинин 42-422, 43-48 -беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер каралат;

            Бузуулар жөнүндө Кодекстин 422-беренесинде каралган тартип бузуулар боюнча иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

            Жоруктар жөнүндө Кодексте каралган учурларда укук коргоо органдары жана сот тарабынан каралат.

            Жазык Кодексинде каралган аракеттер укук коргоо органдары жана сот тарабынан каралат.

 

1-тиркеме формалары