Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №112 токтомуна ылайык күчүн жоготту.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” расмий тилде чыккан Нускамага төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 7.7.-пунктундагы “Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө” деген сөздөр “жеке жактарга” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М. Баатыровага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 13-августу
№ 119
2015-жылдын 13-августунда жарыяланды