“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1, 10-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсүнүн, З.Э. Акунованын арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан мүчөсу Шаадабеков Далил Доолотбекович чыгарылсын - “Ак-Шам” саясий партиясынан ;
- резервден комиссиянын курамына Бейшембаева Марипа Орумбековна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
2. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;
- комиссиянын курамынан мүчөсу Акунова Зууракан Эсенакановна чыгарылсын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- резервден комиссиянын курамына Окенова Айсулуу Жанузаковна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 6-февралы
№ 20