№5 2018-жылдын 5-январында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы № 553 токтому менен 2018-жылдын 5-январына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Айтбосунов Азиз Васкеевич табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 16-январы, 
№ 5