15.06.2021 № 438 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 201 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Ормоков Эрнисбек Абдижалилович«Ата-Журт Кыргызстан»депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 29 депутаты катышып, Э. Ормоковго- 29 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Ормоков Эрнисбек АбдижалиловичЖалал-Абад шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ормоков Эрнисбек АбдижалиловичЖалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жалал-Абад шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну
№ 438