09.04.20 ж. №90. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык: “Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында пайда болгон бош мандатын ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.”.

         “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-1-бөлүгүндө мындай белгиленген: “Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты катталган кийинки талапкерге төмөнкүдөй берилет:

1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен;

2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен берилет.

Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы көрсөтүлгөн адамдар болбогон учурда, депутаттын мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.”.

         “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 96 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин биринчи абзацына ылайык                65-берененин 4-1- бөлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.

         Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө (Талапкерлердин статусу) ылайык: “Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, талапкерлердин катталган тизмесинде чыгып калган депутаттан кийин турган адам Борбордук шайлоо комиссиясы аны Жогорку Кеңештин депутаты деп каттаганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.».

         Мындай учурда, бул норма жалпы норма болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренеси менен (Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө) такталат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын ээлөөнүн тартибин карайт жана аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен; эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен кийинки катталган талапкер ким болуп саналарын белгилейт.

            2020-жылдын 2-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясына 2017-жылы кабыл алынган, анын ичинде конституциялык Мыйзамдын  65-беренесинин 4-1-бөлүгүнө түзөтүүлөрдү караган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын демилгечилер тобунан кат келип түшкөн.

         Катта демилгечилер көрсөтүлгөн норма 2020-жылдагы шайлоолордун натыйжалары боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан тартып колдонууну карай тургандыгын белгилеген. Ошондой эле катта “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин  5-бөлүгүнө ылайык “Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу аны колдонууга киргизгенге чейин жаралган мамилелерге жайылтылбай”  тургандыгы көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу демилгечилер бошогон мандатты ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берүүнү зарыл деп эсептешет.

         Ошол эле учурда “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде: “Ченемдик укуктук актылар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарууга жатат” деп белгиленген.

         “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: “Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башкача каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.”.

         Мында мыйзам чыгаруучу 2017-жылдын 5-июнунда кабыл алынган аталган норманын күчүнө кирүү мөөнөтүн так белгилеген, ал жерде депутаттын бошогон мандатын ээлөөгө байланышкан мамилелерге гана тийиштүү Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-1-бөлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире тургандыгы каралган.

Мыйзам чыгаруучу тарабынан 2020-жылдагы шайлоолордун натыйжалары боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңыдан шайланган депутаттарынан тартып ушул норманы колдонуу жөнүндө тактоочу норма киргизилген эмес.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн нормасы күчүнө кирген болуп саналат жана 2020-жылдын 1-январынан кийин пайда болгон бош мандатты ээлөөгө байланышкан мамилелерге карата колдонууга жатат деп эсептейбиз.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүн, 4-1-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки аял жынысындагы талапкер Бешимбаева Айгерим Кабылбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

2. Бешимбаева Айгерим Кабылбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

3. Катталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги берилсин.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

         ТӨРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-апрелиндеги

№ 90