А.Ж. Акимовдун, Б.М. Карасартовдун, М.Ш. Картанбаеванын арыздарынын, О.К. Мадиновду, Ж.А. Омуралиеваны, А. Бейшеналиевди, Г.К.Токсунбаеваны комиссиянын курамынан чыгаруу боюнча Нарын аймактык шайлоо комиссиянын сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Мекен – Ынтымагы » саясий партиясынан көрсөтүлгөн Акимов Алтымыш Жанаевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен “Демократическая партия «Туран»” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамажунусова Токтокан киргизилсин.
2. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Демократическая партия «Туран»” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Карасартов Бекжан Макилович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Батырбеков Рыскелди Акиевич киргизилсин.
3. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мадинов Орозбек Капарбекович, «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Өмүралиева Жүрсүнкүл Акматалиевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейшеналиев Адилет, Токсунбаева Гүлзат Каныметовна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Аскаров Руслан Алсеитович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чапкынчиева Нурзада Алыбековна, Кайбылдаев Асылбек, Мамбеткулов Адилет киргизилсин.
4. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Картанбаева Марина Шамшиевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен “Демократическая партия «Туран»” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмоналиев Бактияр Абылмаликович киргизилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 29-сентябры
№ 159
2015-жылдын 29-сентябрында жарыяланды