10.08.20 № 162 2020-жылдын 7-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 7-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы №138 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Бакиров Улан Бакирович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-августундагы протоколу менен Жаңы-Алыш айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, У. Б. Бакиров-10 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-августундагы протоколу менен Бакиров Улан Бакирович Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 7-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бакиров Улан Бакирович Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 10-августу
№ 162