26.04.2021 №133 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка, Ак-Башат, Красновосточный, Сары-Коо, Кара-Суу, Степ, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак жана Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка, Ак-Башат, Красновосточный, Сары-Коо, Кара-Суу, Степ, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак жана Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Жайыл районунун Полтавка, Ак-Башат, Красновосточный, Сары-Коо, Кара-Суу, Степное, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак жана Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Чүй облусунун Жайыл районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-апрелиндеги

- Полтавка айылдык кеңешинин

- Ак-Башат айылдык кеңешинин

- Красновосточный айылдык кеңешинин

- Сары-Коо айылдык кеңешинин

- Кара-Суу айылдык кеңешинин

- Степное айылдык кеңешинин

- Жайыл айылдык кеңешинин

- Сосновка айылдык кеңешинин

- Сары-Булак айылдык кеңешинин

- Талды-Булак айылдык кеңешинин

- Суусамыр айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.   Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели

№ 133