29.02.2020 №63 Каракол, Токмок, Чүй, Араван, Чоӊ-Алай жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол, Токмок, Чүй, Араван, Чоӊ-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.М. Шадыманованын, А.Ш. Шамшибековдун, Г.Т. Алыбаеванын, З.К. Давлеткулованын, Н.С. Абдураимовдун, И.Т. Дүйшоевдун, А.Б. Шамшиевдин комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын, Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 21-февралындагы сунушунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шадыманова Айзада Муратбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усенов Сулайман Усенович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шамшибеков Амантур Шамшибекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эшимбекова Гулина Аскеровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алыбаева Гульзат Таалайевна, Давлеткулова Зауреш Кенжетаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тилекова Айкерим Тилековна, Султанов Жаныбек Кайназарович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдураимов Насридин Сатывалдиевич, «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дүйшоев Ибрахимжан Тиленович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдикаримова Минура Хурвайжановна, Юнусалиев Халмахамат резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Ош облусунун Чоӊ-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шамшиев Алтынбек Бурканович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усенова Жамила Исматиллаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
6. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Ата Мекен» партиясынан көрсөтүлгөн Рысалиев Абазбек Самыйбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токтоназарова Жаӊыл резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 29-февралы
№ 63