14.12.2020 №467 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 2020-жылдын 11-февралындагы № 35 токтомдору менен Кыргыз Республикасынын аймагында шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары бекитилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтому менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участоктору түзүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21, 48-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары мурда түзүлгөн участкалары менен айкалыштырылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 14-декабры
№ 467