24.04.2021 №121 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Куйручук, Чоң-Дөбө, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Баш-Кууганды, Байзак, Кызыл-Жылдыз, Кабак жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун

Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Куйручук, Чоң-Дөбө, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Баш-Кууганды, Байзак, Кызыл-Жылдыз, Кабак жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Куйручук, Чоң-Дөбө, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Баш-Кууганды, Байзак, Кызыл-Жылдыз, Кабак жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы   

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги

- Жумгал айылдык кеңешинин

- Жаңы-Арык айылдык кеңешинин

- Куйручук айылдык кеңешинин

- Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин

- Түгөл-Сай айылдык кеңешинин

- Таш-Дөбө айылдык кеңешинин

- Баш-Кууганды айылдык кеңешинин

- Байзак айылдык кеңешинин

- Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин

- Кабак айылдык кеңешинин

- Миң-Куш айылдык кеңешинин        

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

                                  ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 24-апрели

№121