“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына жана 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формалары бекитилсин (№1,2 тиркемелер).
2. Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формасы бекитилсин (№3,4 тиркеме).
3. Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.
4. Бул токтом №1,2 тиркемелери менен райондук, шаардык шайлоо комиссияларына, №3,4 тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Шайлоо” МАСтын сектор башчысы Н.Н.Давкинага жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 8- сентябры
№ 224