11.06.2021 № 403 2021-жылы 5 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Корул жана Жошолу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 5 жана 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 224 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Корул жана Жошолу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Артыков Бакыт Жакышович, Чокоев Мирбек Ашымович катталган. Талапкерлер Бүлөлү айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Бүлөлү айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Б.Ж. Артыков - 4 добуш, М.А. Чокоев – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Чокоев Мирбек Ашымович Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Корул айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Оморов Залкарбек Торонбекович, Турганбаев Мустафа Жанибекович, Жороев Абазбек Алтынович катталган. Талапкерлер Корул айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Корул айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, З.Т. Оморов - 0 добуш, М.Ж. Турганбаев – 16 добуш, А.А. Жороев – 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 4 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Турганбаев Мустафа Жанибекович Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Абдырахманов Туратбек, Орозбай уулу Жеңишбек, Торошев Каныбек Сабирович катталган. Талапкерлер Жошолу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Жошолу айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Т. Абдырахманов – 6 добуш, Ж. Орозбай уулу – 12 добуш, К.С. Торошев – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Орозбай уулу Жеңишбек Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Корул жана Жошолу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 5 жана 7-июнундагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Бүлөлү, Корул жана Жошолу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү жана 2021-жылы 7-июнунда Корул, Жошолу өткөрүлгөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5 жана 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Корул жана Жошолу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чокоев Мирбек Ашымович Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Турганбаев Мустафа Жанибекович Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Орозбай уулу Жеңишбек Ош облусунун Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бүлөлү, Корул жана Жошолу айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну
№ 403