26.03.202 №90 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга чыгарылган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга чыгарылган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун тексти менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумду (буткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарды малыматтык жактан камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду  (буткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-6-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

2021 – жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга чыгарылган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун тексти газетанын атайын чыгарылышында тиражы 1 100 000 (бир миллион жуз миң) нуска менен мамлекеттик жана расмий тилдерде басып чыгарылсын.

Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүтөлсүн.

 

ТӨРАГА        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА         

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-марты

90