29.12.2020 №526 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик добуш берүүгө) жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тууралуу шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун сунушун эске алып, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20, 25, 26-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарынын жана 18-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдыи 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аиыктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт иштерине катышу үчүн тиркемеге ылайык төмөндөгү жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар аккредитациялансын:
- 37 (отуз жети) жалпыга маалымдоо каражаттары;
- 14 (он төрт) интернет басылмалар.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комисснясынын расмий сайтына жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана иитернет басылмалардын тизмеси жайгаштырылсын.
3. Ушул токтом «Эркин Too» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткүрүү боюнча борбордук комисснясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жана үгүт эрежелери маселелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.
ТОРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын «29» декабры
№ 526
-