18.11.2020 №344 2020-жылдын 13-ноябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 270 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Батыров Жоодат Борисович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 13-ноябрындагы протоколу менен Новопавловка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 17 депутаты катышып, Д.Б. Батыров 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 13-ноябрындагы протоколу менен Батыров Жоодат Борисович Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2020-жылдын 13-ноябрындагы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 13-ноябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Батыров Жоодат Борисович Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Новопавловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 18-ноябры
№ 344