Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 23-мартындагы № 9, Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 19–мартындагы № 46, Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 18-мартындагы № 2/3, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 69, Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 18-мартындагы № 6, Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 18-мартындагы № 9 чечимдеринин негизинде шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча сунуштарына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 30-марты
№ 29
2015-жылдын 30-мартында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 30-марты
№ 29 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо округдарынын чек аралары
Баткен облусу
Баткен району
Ак-Татыр айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 3300, мандаттардын саны - 21
№ 1 – “Ак-Татыр” шайлоо округу.
Борбору: Ак-Татыр айылы. Т.Садыков атындагы орто мектептин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1682, мандаттардын саны – 11.
Чек аралары: № 8056-Ак-Татыр шайлоо участкасы жайланышкан Ак-Татыр айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 – “Рават” шайлоо округу.
Борбору: Рават айылы. Рават орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1109, мандаттардын саны – 7.
Чек аралары: № 8055 - Рават шайлоо участкасы жайланышкан Рават айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 3 – “Орто-Боз” шайлоо округу.
Борбору: Орто-Боз айылы. Ж.Момунов атындагы орто мектептин имараты.
Шайлоочулардын саны: 509, мандаттардын саны – 3.
Чек аралары: № 8061 - Орто-Боз шайлоо участкасы жайланышкан Орто-Боз айылынын аймактары толугу менен кирет.
Самаркандек айылдык кеңеши.
Шайлоочулардын саны – 5753, мандаттардын саны - 21
№ 1 – “Самаркандек” шайлоо округу.
Борбору: Самаркандек айылы. М.Салихов атындагы орто мектептин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1900, мандаттардын саны – 7.
Чек аралары: № 8059-Самаркандек шайлоо участкасы жайланышкан Самаркандек айылынын И.Разаков, Кишемиш, Чек, Маданият, Ак-Ордо, Алтын-Бешик, К.Шадыбеков, Ынтымак, Курулуш, Совет, Жибекчилик, Геологдор, Базар, Пролетар, Жумушчулар, М.Салихов, Ала-Тоо, Гараж, Курманбек баатыр, Т.Садыков, Сай бою, Алтын-Курок, Жакшылык, Керме-Тоо, Достук, Озгоруш, Орукзар, Суу-Башы, Топ-Терек, Ак-Жол, Орто-Кочо, Жайылма, Келечек көчөлөрү кирет.
№ 2 – “Орто-Сай” шайлоо округу.
Борбору: Самаркандек айылы. С.Кожобаев атындагы мектеп-гимназиясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 1472, мандаттардын саны – 6.
Чек аралары: № 8058 – Орто-Сай шайлоо участкасы жайланышкан Самаркандек айылынын Алма-Бак, Эркиндик, К.Садиров, Турат Полот, Н.Ботогозуев, Орто-Сай, Поликлиника, Ак-Тилек, Андиген, Тескей, Кызыл-Аскер, Жабылды, Сут-Кол, МТФ, Адилет, Жаш-Тилек, Жаны-Курулуш, Жаштык, А.Кенжебаев, Базар-Башы көчөлөрү кирет.
№ 3 – “Паскы-Арык” шайлоо округу.
Борбору: Паскы-Арык айылы. Муса Кадыр атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1461, мандаттардын саны – 5.
Чек аралары: № 8060 - Паскы-Арык шайлоо участкасы жайланышкан Паскы-Арык айылынын аймактары жана № 8186 - Мин-Орук шайлоо участкасы жайланышкан Мин-Орук айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 4 - “Жаңы-Бак” шайлоо округу.
Борбору: Жаны-Бак айылы. К .Тагаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 920, мандаттардын саны – 3.
Чек аралары: № 8057 - Жаны-Бак шайлоо участкасы жайланышкан Жаны-Бак айылынын аймактары толугу менен кирет.
Ак-Сай айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны – 3265, мандаттардын саны - 21
№ 1 - “Ак-Сай” шайлоо округу.
Борбору: Ак-Сай айылы. Б.Ходжаев атындагы орто мектебининин имараты.
Шайлоочулардын саны: 967, мандаттардын саны – 6.
Чек аралары: № 8064 - Ак-Сай шайлоо участкасы жайланышкан Ак-Сай айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - “Көк-Таш” шайлоо округу.
Борбору: Кок-Таш айылы. Ш.Ганы атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1284, мандаттардын саны – 8.
Чек аралары: № 8063 - Кок-Таш шайлоо участкасы жайланышкан Кок-Таш айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 3 - “Үч-Дөбө” шайлоо округу.
Борбору: Үч-Дөбө айылы. Үч-Дөбө башталгыч мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 755, мандаттардын саны – 5.
Чек аралары: № 8062 - Үч-Дөбө шайлоо участкасы жайланышкан Үч-Дөбө айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 4 - “Таш-Тумшук” шайлоо округу.
Борбору: Таш-Тумшук айылы. Таш-Тумшук толук эмес орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 259, мандаттардын саны – 2.
Чек аралары: № 8198 - Таш-Тумшук шайлоо участкасы жайланышкан Таш-Тумшук айылынын аймактары толугу менен кирет.
Ош облусу
Ноокат району
Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 8123, мандаттардын саны - 21
№ 1 - “Чеч-Дөбө” шайлоо округу
Шайлоочулардын саны: 1422, мандаттардын саны – 4.
Борбору: А. Осмонов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5372, № 5487 - Чеч-Дөбө айылынын чыгыш тарабындыгы Анаров Исраилдин үйүнөн баштап Шеркулов көчөсүндөгү А. Осмонов атындагы мектептин айланасындагы жашаган шайлоочулар, Кичи-Алай айылындагы Сарыкмол, Кашка-Суу кичи айылдары толугу менен кирет.
№ 2 - “Жар-Коргон” шайлоо округу
Шайлоочулардын саны: 1436, мандаттардын саны – 4.
Борбору: К.Жолдошов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5373 - Жар-Коргон айылындагы Күн чыгыш тарабы Артыков Нурландын үйүнөн төмөнкү жагы К.Абдыкалыков атындагы көчөсү толугу менен кирет.
№ 3 – “Кошчан” шайлоо округу
Шайлоочулардын саны: 2141, мандаттардын саны – 5.
Борбору: Кожоке атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5374 - Кожоке айылындагы Күн чыгыш тарабы Копкыштоо кичи айылындагы жашаган Сыдыков Маматалинин үйүнөн төмөнкү жагы Ш. Камалов атындагы көчөсүндө жашаган Исмаилов Алтынбектин үйүнө чейинки жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№ 4 – “Жаны Базар” шайлоо округу
Шайлоочулардын саны: 748, мандаттардын саны – 2.
Борбору: Айылдык маданият үйү.
Чек аралары: № 5375 - Жаны-Базар айылындагы Күн чыгыш тарабы Дыйканов Раимжандын үйүнөн төмөнкү жагы Н. Исанов атындагы көчөсүнүн Байыш орто мектебине чейинки жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№ 5 – “Күнгөй Кожоке” шайлоо округу
Шайлоочулардын саны: 2376, мандаттардын саны – 6.
Борбору: Алтын казык орто мектеби.
Чек аралары: № 5486 - Күнгөй Кожоке айылындагы Күн чыгыш тарабы Б. Алибаев атындагы көчөсүндөгү жашаган Эсеналиев Абдырахмандын үйүнөн төмөнкү жагы Ош көчөсүндөгү жашаган Торобаев Топчубайдын үйүнө чейинки аралыкта жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
Көк-Бел айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2865, мандаттардын саны- 21
№ 1 – “Кок-Бел” шайлоо округу
Шайлоочулардын саны: 1835, мандаттардын саны – 13.
Борбору: Кайынды, Аблакимов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5370, № 5488 - Көк-Бел айылындагы Н.Исанов атындагы көчөсүнүн тургуну Жумабаев Манаптын үйүнөн Нуркеев Мамразакка чейин. Курук Тоголой, Комсомол, Ат-чабар, Бак, Мектеп, Дон, Алчалуу, Курганбаев Абдыш, Ч. Айтматов, Сулуу Тоголой, Тынчтык Достук көчөлөрүндөгү жашаган шайлоочулар жана Кайынды айылы толугу менен кирет.
№ 2 – “Н. Исанов” шайлоо округу
Шайлоочулардын саны: 1030, мандаттардын саны – 8.
Борбору: Исанов атындагы орто мектебинин имараты.
Чек аралары: № 5371 - Көк-Бел айылындагы Н. Исанов атындагы көчөсүнүн тургуну Дубанаев Абдираимдин үйүнөн Ормошов Мамажанга чейин, Ленин көчөсүнүн тургуну Коштаева Бегайдын үйүнөн Тажибаев Эркиндин үйүнө чейинки аралыктар, Ак-Булак, Шеркурбан, Тоголой, Жаштык, Тулпар, Алтын-Казык, Сейдалиев көчөсүнүн тургуну Ормошов Шабандан күн батыш тарабы, Ленин көчөсүнүн тургуну Тажибаев Эркиндин күн батыш тарабындагы жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
Кара-Кулжа району
Кенеш айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 1518, мандаттардын саны - 11
№ 1 - “Ат-Келтир» шайлоо округу
Борбору: Кеңеш айылы, Кеңеш айыл өкмөтүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 988, мандаттардын саны – 7.
Чек аралары: № 5016 - Кенеш шайлоо участкасы жайгашкан Кеңеш айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - «Пор» шайлоо округу
Борбору: Пор айылы, Т.Сыдыков атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 530, мандаттардын саны – 4.
Чек аралары: № 5471 - Пор шайлоо участкасы жайгашкан Пор айылынын аймактары толугу менен кирет.
Алай району
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2687, мандаттардын саны - 11
№ 1 - “Боз-Караган” шайлоо округу
Борбору: Боз-Караган айылы, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1572, мандаттардын саны – 6.
Чек аралары: № 5141 - Боз-Караган шайлоо участкасы жайгашкан Боз-Караган, Шамаке, Жар-Кыштак, Кара-Шоро айылдарынын чеги кирет.
№ 2 - “Арпа-Тектир” шайлоо округу
Борбору: Арпа-Тектир айылы, Арпа-Тектир айылдык маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: - 1115, мандаттардын саны – 5.
Чек аралары: № 5142 - Арпа-Тектир шайлоо участкасы жайгашкан Арпа-Тектир, Кызыл-Ой айылдарынын чеги кирет.
Кабылан-Көл айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 1552, мандаттардын саны- 11
№ 1 - “Кабылан-Көл” шайлоо округу
Борбору: Кабылан-Көл айылы, Кабылан-Көл айылдык маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1178, мандаттардын саны - 8.
Чек аралары: № 5143 - Кабылан-Көл шайлоо участкасы жайгашкан Кабылан-Көл, Кары-Жыгач, Курулуш, Ак-Талаа айылдарынын чеги кирет.
№ 2 - “Күңгөй” шайлоо округу
Борбор: Күңгөй айылы, Күңгөй башталгыч мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 374, мандаттардын саны – 3.
Чек аралары: № 5439 - Күңгөй шайлоо участкасы жайгашкан Күңгөй айылынын чеги толугу менен кирет.
Кара-Суу району
Отуз-Адыр айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 9104, мандаттардын саны-21
№ 1 - “Борбордук» шайлоо округу
Борбору: Отуз-Адыр айылы, № 75 М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 3803, мандаттардын саны- 9.
Чек аралары: № 5184 Борбордук шайлоо участкасы жайгашкан Отуз-Адыр айылынын М.Тешебаев атындагы көчөсүнүн төмөн жагы толугу менен кирет, № 5446 Зымырык шайлоо участкасы жайгашкан Отуз-Адыр айылынын М.Тешебаев атындагы көчөсү, М.Тешебаев атындагы көчөсүнүн жогору жагындагы Отуз-Адыр айылынын бөлүгү, Ынтымак айылынын жана Мамажан участкасынын аймактары кирет.
№ 2 - “Кара-Дөбө» шайлоо округу
Борбору: Кара-Дөбө айылы, № 9 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1990, мандаттардын саны – 4.
Чек аралары: № 5185 Кара-Дөбө шайлоо участкасы жайгашкан Кара-Дөбө айылынын аймагы толугу менен кирет, № 5186 Кызыл-Абад шайлоо участкасы жайгашкан Кызыл-Абад айылынын аймагы толугу менен кирет.
№3 – «Кыш-Абад» шайлоо округу
Борбору: Кыш-Абад айылы, Тешебаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 3311, мандаттардын саны – 8.
Чек аралары: № 5189 Кыш-Абад шайлоо участкасы жайгашкан Кыш-Абад айылы жана Казак-Маала участкаларынын аймагы толугу менен кирет, № 5190 Жаны-Кызылсуу шайлоо участкасы жайгашкан Жаны-Кызылсуу жана Беш-Кепе айылдарынын аймагы толугу менен кирет, № 5447 Чымчык-Жар участкасы жайгашкан Савай-Арык, Фархад айылдары, Кожом-Бак, Ош-3000 участкаларынын аймактары толугу менен кирет.
Сары-Колот айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 3971, мандаттардын саны-21
№ 1 - «Сары-Колот» шайлоо округу
Борбору: Сары-Колот айылы, К.Жантөшөв атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1581, мандаттардын саны – 9.
Чек аралары: № 5187 Сары-Колот шайлоо участкасы жайгашкан Сары-Колот айылынын аймагы толугу менен жана Ак-Колот айылындагы Пазылов Чырмашбайдын үйүнүн төмөн жагы кирет.
№ 2 – «Курбан-Кара» шайлоо округу
Борбору: Курбан-Кара айылы, Н.Исаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1377, мандаттардын саны – 7.
Чек аралары: № 5188 Тынчтык шайлоо участкасы жайгашкан Курбан-Кара айылы (Түрк-Маала), Тынчтык айылдарынын аймактары толугу менен кирет, № 5545 Жаңы-Чек шайлоо участкасы жайгашкан Присавай айылынын аймагы толугу менен кирет.
№ 3 – «Шерали» шайлоо округу
Борбору: Шерали айылы, А.Кулботоев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1013, мандаттардын саны – 5.
Чек аралары: № 5191 Шерали шайлоо участкасы жайгашкан Шерали айылы (Бөрүлүк, Торойчу) толугу менен жана Ак-Колот Пазылов Чырмашбайдын үйүнүн жогорку жагы толугу менен кирет.
Талас облусу
Кара-Буура району
Шекер айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2418, мандаттардын саны - 11
№ 1 – “Арчагул” шайлоо округу
Борбору: Арчагул айылы, Дуйшен атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 642, мандаттардын саны – 3.
Чек аралары: № 6024 Арчагул шайлоо участкасы жайгашкан Арчагул айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 - “Шекер” шайлоо округу
Борбору: Шекер айылы, Маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1776, мандаттардын саны – 8.
Чек аралары: № 6025 Шекер шайлоо участкасы жайгашкан Шекер айылынын аймактары толугу менен кирет.
Бейшеке айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 2553, мандаттардын саны – 11
№ 1 – “Кара-Буура” шайлоо округу.
Борбору: Кара-Буура айылы, Умарбеков атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 584, мандаттардын саны - 2.
Чек аралары: № 6046 Кара-Буура шайлоо участкасы жайгашкан Кара-Буура айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 2 – “Бейшеке” шайлоо округу.
Борбору: Бейшеке айылы. Айыл өкмөтүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 834, мандаттардын саны – 4.
Чек аралары: № 6047 Бейшеке шайлоо участкасы жайгашкан Бейшеке айылынын аймактары толугу менен кирет.
№ 3 – “Кара-Суу” шайлоо округу.
Борбору: Кара-Суу айылы. Айтпаев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1135, мандаттардын саны – 5.
Чек аралары: № 6048 Кара-Суу шайлоо участкасы жайгашкан Кара-Суу айылынын аймактары толугу менен кирет.
Бакыян айылдык кеңеши
Шайлоочулардын саны - 1832, мандаттардын саны – 11
№ 1 – “Бакыян” шайлоо округу.
Борбору: Бакыян айылы. С.Эшеналиев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 1832, мандаттардын саны -11.
Чек аралары: № 6049 Бакыян шайлоо участкасы жайгашкан Бакыян жана Тамчы-Булак айылдарынын аймактары толугу менен кирет.