04.01.2020. №1 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы № 178 токтому менен 2019-жылдын 31-декабрына дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы катталган талапкерлерге караганда айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилгендигине байланыштуу шайланган жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын жаӊы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 17-январына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.    

2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 4-январы
№1