№96 2019-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июндагы №77 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер каталган - Мадаев Гүлжигит Мурзамидинович жана Раимбеков Абдыганы Абылгазиевич. Алар жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 11 депутаты баары катышты.

Добуш берүүдө биринчи турда Мадаев Г.М.– 5 добуш; Раимбеков А.А. – 4 добуш алышкан, “бардык талапкерлерге каршы” - 2 добуш берилди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында бир да катталган талапкер тийиштүү добуш албагандыгына байланыштуу эң көп добуш алган Мадаев Г.М. экинчи турга чыгып Мадаев Г.М. – 7 добуш алды, “бардык талапкерлерге каршы” - 4 добуш берилди.

Шайлоонун натыйжасында Мадаев Г.М. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.

Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 1-июлдагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2 Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мадаев Гүлжигит Мурзамидинович табылсын.

2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы Кенеш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовгожүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 5 - июлу 
№ 96

Маалым кат-негиздеме